Казахстан Россиянын бензинин ташууга тыюу салды

25.02.2019, 10:00 Акчабар
Казахстан Россиянын бензинин ташууга тыюу салды

Чектөө темир жолу аркылуу ташылуучу  майларга карата жасалды.Бул чектөө үч айга каралган  деп билдирди Kapital.kz   Казахстандын Энергетика министрлигинин сайтына таянып.  

«Учурда Казахстанда бензиндин  профицити байкалууда. Бул январда эле башталган. Чымкенттин мунай иштетүү заводунда ашыкча  өндүрүм бар, баардык  резервуарларга толтурулуп, ал тургай өлкө боюнча дагы камсыздоо жасалган», —  деп түшүндүрдү энергетика министри Канат Бозумбаев.

Россиядан бензинди ташып келүүгө чектөө  2018-жылы 25-августа дагы болгон. Анда Энергетиканын вице-министри Болат Акчулаков, Казахстан менен РФ Экономикалык Биримдикке ылайык  маал-маалы менен нефтипродуктуларды ташууга тыюу салууга макулдугу бар экендигин билдирген.  Убактылуу тыюу салуудан тышкары Казахстан ашыкча мунай заттарын Борбордук Азия мамлекеттерине экспортону баштады. 

 

Тэги: Казахстан импорт ГСМ Россия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу