Казакстанда интернеттеги 13 миңден ашык баракча жабылды

07.11.2019, 16:05 Акчабар
Казакстанда интернеттеги 13 миңден ашык баракча жабылды

Казакстанда жыл башынан бери социалдык түйүндөрдө экстремисттик мазмундагы 13 миңден ашык баракча жабылды. Бул тууралуу 6-ноябрда Нур-Султандагы дин таануучулардын форумунда маалымат жана коомдук өнүгүү министри Даурен Абаев билдирди.

2019-жылдын башынан бери интернет-ресурстардын ээлери менен жетекчилерине сунуш айтылып, мыйзамга каршы келген 25 миңден ашуун материал өчүртүлгөн. Терроризм жана диний экстремизм идеологиясын пропагандалаган 13 миңден ашуун материалга бөгөт коюлган”, – деди Абаев.

Казакстан бийлиги жыл сайын Интернетте экстремизмге үгүттөгөн сайттар менен баракчалар жабылып жатканын кабарлаганы менен алардын тизмесин жарыялабайт. Алардын арасында бийликке жакпаган сайттар дагы болушу ыктымал деп кооптонгон укук коргоочулар бул процедура ачык болушу керек деп эсептешет.

 

 

Тэги: Казакстан интернет бөгөт коюлду

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу