Казакстан бензин жана дизель майын экспорттоого тыюу салды

13.02.2023, 11:22 Акчабар
Казакстан бензин жана дизель майын экспорттоого тыюу салды

Казакстанда мунай зат республиканын аймагынан транспорттун бардык түрлөрү менен ташып чыгууга төрт айга тыюу салынды. Бул тууралуу казак маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалымат боюнча “Казакстандын аймагынан мунай өнүмдөрүн экспорттоонун айрым маселелери жөнүндө” биргелешкен буйрукка ылайык, майлоочу майлардан тышкары, бензинди, дизель майын жана мунай өнүмдөрүнүн айрым түрлөрүн экспорттоого тыюу салынат.

Тиешелүү буйрукка Энергетика министрлиги, Каржы министрлиги, Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук комитети кол коюшкан.  

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу