Казакстан карантинде ишсиз калгандарга экинчи ирет 42 500 теңгеден берет

15.07.2020, 09:10 Акчабар
Казакстан карантинде ишсиз калгандарга экинчи ирет 42 500 теңгеден берет

Коронавирустан улам экинчи ирет киргизилген карантин маалында ишсиз калгандар 17-июлдан баштап бир жолу берилчү 42 500 теңгени алуу үчүн арыз тапшырса болот.

Бирок өтүнмөнү жарандар эмес, иш берүүчүлөр тапшырат. Бул тууралуу Казакстандын эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министри Биржан Нурымбетов билдирди.

Министрдин айтымында, жакынкы эки күндө жөлөк пул төлөөнүн механизмдери толук такталат.

Казакстан коронавирус инфекциясы жайылып, пневмония белгилери менен ооруканага жаткырылгандар көбөйүп жаткандыктан, 5-июлда кайра карантин киргизген. Кызмат көрсөтүү тармагындагы бир катар ишканалар ишин токтоткон. Башында карантин 14 күнгө киргизилип, кийин дагы эки аптага узартылган. Өкмөт чектөөлөргө байланыштуу кирешесинен ажырагандарга 42 500 теңге төлөөгө убада берген.

Казакстан март айында карантин жарыялаганда да кирешесиз калган жарандарына эки жолу жөлөк пул төлөп берген. Өкмөттүн маалыматына караганда, биринчисинде — 4,5 миллион, экинчисинде — эки миллиондон ашуун адам жардам алган.

Тэги: Казакстан Карантин ишсиз

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу