Казакстанда 200 теңге номиналындагы тыйындар чыкты

28.01.2020, 16:45 Акчабар
Казакстанда 200 теңге номиналындагы тыйындар чыкты

28 - январдан тарта Казакстандын Улуттук банкы 200 теңге номиналындагы тыйындарды  чыгаргандыгын жарыялады. Бул тууралуу kursiv.kz  порталы билдирди.

Тыйындардын дизайны Казакстандын президентинин 2018-жылдын 12-декабрынан тарта бекитилген №804-жарлыгына ылайык, казак акча бирдиги- теңгенин дизайнынын концепциясына айкалышып жасалгаланган.

Тыйындын сырткы шакеги нейзильберден, ал эми ички диски никель латунундан жасалып, капталында 16 уяча бар. Каршы бетинин (риверсинин) борборунда Казакстан Республикасынын мамлекеттик герби тартылган, анын айланасында QAZAQSTAN RESPÝBLIKASY, ылдый жагында «2020» деп жазылган. Өйдө жана төмөн жагында орнамент фрагменттери тартылып, ылдый жагында TEŃGE деген жазуусу бар. Сол жагында тыйындын чыгарган эмитент-банктын  QUB (QAZAQSTAN ULTTYQ BANKI) белгиси, ал эми оң жагында Казакстандын тыйын короосунун логотиби бар.

200 теңге номиналындагы банкноттор мыйзамдуу төлөм катары кабыл алына берет. 

Тэги: Казакстан номинал теңге

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу