2019-жылдын жыйынтыгы менен Казакстан менен Өзбекстандын товар айлануусу 4 млрд доллардан ашкан. Бул тууралуу kapital.kz порталы Өзбекстандын тышкы соода жана инвестиция министрлигинин билдирүүсүнө таянып, жазып чыкты.
Министрлер Сардор Умурзаков жана Бахыт Султанов соода-экономикалык кызматташтык боюнча суроолорду талкуулашты.
Талкуунун жүрүшүндө номенклатураны кеңейтүү жана товардын көлөмүн көбөйтүү боюнча конкреттүү сунуштар айтылган. Андан сырткары, үстүбүздөгү жылдын апрель айында өтө туруучу өзбек-казак ведомство аралык жумушчулар тобунун жыйынында карала туруучу соода жүгүртүүнүн көлөмүн көтөрүү боюнча суроолор дагы талкууланды.
Эки өлкөнүн президенттери эки тараптын соода көлөмүн бир жылда 5 млрд долларга чейин, ал эми 2-3 жылда 10 млрд долларга чейин көтөрүүнү артыкчылыктуу милдет катары жарыялашкан.