Казакстандын соода жүгүртүүсү бир жыл ичинде 4% төмөндөгөн

17.04.2020, 10:30 Акчабар
Казакстандын соода жүгүртүүсү бир жыл ичинде 4% төмөндөгөн

Казакстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2020-жылдын январь-февраль 13.7 млрд $ түзгөн. Бул 2019-жылдын январь-февраль айындагы убакытка салыштырмалуу 4.1% аз. Соода жүгүртүүнүн кыскаруусу - экспорттун 8.1% төмөндөшү менен шартталган. Бул тууралуу Ranking.kz порталы билдирди. 

2 ай убакыт аралыгында Казакстандын товар экспортунун көлөмү 9.1 млрд $ түзгөн. Өткөн жылдын ушул эле мезгил аралыгында экспорттун көлөмү 9.9 млрд $ түзгөн. Өз кезегинде, Казакстандын товар импорту 4.6% жогорулап, 4.7 млрд $ жетти. 

Казакстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен болгон бирдиктүү соода жүгүртүүсү 2020-жылдын январь-фневраль айларында 2.9 млрд $ түзүп, 2019-жылга салыштырмалуу 4.4% жогору болгон. Көлөмдүн жогорулашынын себеби, импорттун 9.3% өскөнү менен шартуу болгон. Эки ай ичинде ЕАЭБден Казакстанга келген импорт товарлардын көлөмү  2.1 млрд $ же биргелешкен сооданын көлөмүнөн  72.1% түзгөн. Казакстандын тышкы соода жүгүртүүсүн басымдуу бөлүгү же 92.5% Орусияга туура келет. Ал эми Кыргызстан менен жүргүзгөн сооданын көлөмү 4.1%, Белорусия менен - 3.3%, Армения менен - 0.1% түзгөн. 

ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген товарлардын басымдуу бөлүгү - автоунаа, ар түрдүү жабдыктар, транспорт каражаттары, прибор жана аппараттар: 23% (484.2 млн $(. Андан сырткары, импорттолгон товарлардын башкы үчтүгүнө минералдык азык-түлүктөр - 18.1% (381.1 млн $), жаныбарлардын жана өсүмдүк азыктары, даяр тамак-аш азыктар 17.1% же 362.6 млн $ түзгөн. 

Тэги: Казакстан товар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу