Казакстанда аял бизнес ээлеринин үлүшү 45%ды түзөт

08.03.2023, 10:34 Акчабар
Казакстанда аял бизнес ээлеринин үлүшү 45%ды түзөт

Казакстанда ишкер айымдардын үлүшү 45%ды түзөт. Бул тууралуу казак өкмөтүнө таянып “Казтаг” билдирди.

Маалыматка ылайык, Казакстанда чакан жана орто бизнес ээлеринин арасында аялдардын үлүшү 45% түзөт. Ошол эле учурда, жеке ишкерлердин арасында аялдар 54% түзөт. Аялдар билим берүү жана кыймылсыз мүлк менен операциялар тармагында басымдуу. Аларда лидер аялдардын үлүшү тиешелүүлүгүнө жараша 69% жана 59% түзөт.

Казакстандын экономика министри Алибек Куантиров аялдардын өлкөнүн турмушуна катышуусуна шарттарды түзүүгө көп көңүл бурулуп жатканын айтат.

“Азыркы казакстандык аял ийгиликтүү карьера жасап, мамлекеттик жана коомдук башкарууга активдүү катыша алат. 2015-жылы Казакстан БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча милдеттенме алган. Анда 17 максаттын 12си гендердик мааниге ээ. Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын 262 улуттук индикатору бекитилди”, - деп айтылат маалыматта.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, Казакстанда мамлекеттик кызматта аялдардын үлүшү 2010-жылы 52,7% болсо, 2022-жылы 55,4%га жеткен. Алардын 39,2% жетекчилик кызматтарды ээлейт.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу