Кыргызстанда 1,6 млн адам жакырчылыктын чегинде жашайт

12.06.2021, 10:00 Акчабар
Кыргызстанда 1,6 млн адам жакырчылыктын чегинде жашайт

Жалпы кедейлик чегинин наркы 2020-жылы киши башына жылына 35 268 сомду, өтө жакырчылык - 19 774 сомду түздү. Мындай маалыматтарды Улуттук статистика комитети билдирди. 

2020-жылы жакырчылыктын чегинде 1 миллион 678 миң адам жашаса, анын 73,7% айылдагы калктуу конуштардын жашоочулары.

Өткөн жылы жакырчылыктын деңгээлинин андан мурунку жылга салыштырмалуу төмөндөшү Ош шаарында (6% га) жана Талас облусунда (0,8% га) байкалган. Башка региондордо жакырчылыктын деңгээлинин өсүшү байкалган, анын ичинде Жалал-Абад облусунда (10,3% га), Нарында (8,7% га), Чүйдө (6,3% га), Ошто (4,8% га), Ысык-Көлдө (3,5% га) жана Баткен облусу (2,1% га), ошондой эле Бишкек шаарында (4,9% га).

Жакырлардын жалпы санынын 58% дан ашыгы Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарында жашашкан.

2020-жылы республиканын аймагында 0-17 жаштагы 833,9 миң бала же 31,8% жакырчылык шарттарында жашаган.

Тэги: уровень бедности

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу