4 айда «Кепилдик фонду» тарабынан 204 млн сомго кепилдик берилген

13.05.2020, 14:00 Акчабар
4 айда «Кепилдик фонду» тарабынан 204 млн сомго кепилдик берилген

Быйыл 4 айда «Кепилдик фонду»тарабынан 204 млн сомго 600 кепилдик берилди. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында «Кепилдик фонду»ААК башкармалыгынын башчысы Малик Абакиров билдирди.

 [news 22693]

 

Анын айтымында, быйыл 4 айда алардын активдери 102%га өсүп, 1 млрд 225 млн сомду түздү.

«Кепилдиктерди берүү токтогон жок. Төрт ай ичинде 204 млн сомго 600 кепилдик берилди. Ал былтыркы жылга караганда 400%га көп. Бирок сумма жагынан ал 91%ды түзөт. Ал коронавирустун тийгизген таасири менен байланыштуу. Ошентсе да биздин ишмердик кирешелүү болуп саналат. Биз 20 млн таза киреше таптык. Ал былтыркыга караганда 186%га көп. Өнөктөш банктар биздин кепилдигибиз боюнча 1 млрд 100 млн сомдон ашык насыя беришти», - деди ал.

Тэги: кепилдик фонду кепилдик Малик Абакиров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу