«Керемет Банк» 1.5 млрд сомго кошумча капиталдаштырууну жүргүздү

18.08.2020, 11:40 Акчабар
«Керемет Банк» 1.5 млрд сомго кошумча капиталдаштырууну жүргүздү

Жеңилдетилген ипотекалык насыяны жана кичи жана орто бизнести насыялоону пандемия шартында жайылтуу үчүн ААК «Керемет Банк» 1.5 млрд сомго кошумча капиталдаштырууну жүргүздү. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.

Эске сала кетсек, жүгүртмө  жөнөкөй акциялардын санын көбөйтүү жөнүндө чечим, акционерлердин 26-февралда өткөн кезексиз жыйынында кабыл алынган.

«Керемет Банктын» уставдык капиталы жетинчи эмиссиядагы баалуу кагаздарды сатуудан улам 1.5 млрд сомго жогорулаган. Акциялар үстүбүздөгү жылдын апрель айында жабык түрүндө жайгаштырылган.

Муну менен катар, бүгүнкү күндө «Керемет Банктын» уставдык капиталы 5 млрд 998 млн 746 миң сомго бааланууда. 

Тэги: Керемет Банк млрд сом капитал

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу