2018-жылы жумушчулардын орточо айлык акысы 16 миң 218 сомду түздү. Былтыркыга чалыштырмалуу 5.4% жогорулаган. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук статистика комитети билдирди.
Улуттук банк белгилеген валютанын расмий курсуна ылайык, доллардык эквалентте орточо айлык акы $235.6 болду.
Салыштыруу үчүн: Борбордук Азиядагы мамлекеттер арасындагы эң жогорку айлык акы Казахстанда катталды. Алардагы орточо айлык акы $470.7 доллар. Өзбекстанда $225.8 болсо, Таджикистанда эң төмөнкү айллык акы белгиленип — $141.7 долларды түзөт.