Кытай Кыргызстанды товарларды чек арадан өткөрүүнү тездетүүгө чакырды

21.06.2021, 09:40 Акчабар
Кытай Кыргызстанды товарларды чек арадан өткөрүүнү тездетүүгө чакырды

COVID-19 жайылуусунун алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Кытай Эл Республикасы "Торугарт-автожол" жана "Эркечтам-автожол" өткөрмө пункту аркылуу товарлардын жана унаалардын өтүшүн тездетүүчү механизмди сунуштады. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз тарап Кытай тараптын сунушун өзүнчө эскертүүлөрдү эске алуу менен колдоп, аны ишке ашыруу боюнча сунуштарын киргизди. Мындан тышкары, Кытай тарап Торугарт жана Эркечтам жолу аркылуу ташылуучу товарлардын жана унаалардын көлөмүн көбөйтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча, эки өлкө эпидемиянын алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча биргелешкен иш-чараларды жүргүзүү жана жумушчу топтордун ишин координациялоо, ошондой эле жумушчу топторду түзүү боюнча координациялык топ түзүү боюнча макулдашууга жетишишти.

 

Тэги: Кыргызстан Китай КПП Торугарт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу