Кытай Кыргызстанга 54 млн доллар өлчөмүндө грант бөлөт

12.05.2021, 09:40 Акчабар
Кытай Кыргызстанга 54 млн доллар өлчөмүндө грант бөлөт

Кытай Кыргызстанга коронавирус инфекциясына каршы 150 миң доза кытай вакцинасын гуманитардык жардам катары бекер берет жана экономиканы 54 миллион доллар өлчөмүндө колдойт, деп билдирди Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Сиань шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен мамлекеттик кеңештин мүчөсү, Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министри Ван Инин ортосунда эки тараптуу сүйлөшүүлөр болду. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Кытай тараптын Кыргызстанга 150 миң доза өлчөмүндөгү кытай вакцинасынын экинчи партиясын гуманитардык жардам катары акысыз негизде берүү чечими жөнүндө маалымдады. Мындан тышкары, Кыргызстандын экономикасын колдоо үчүн 350 миллион юань (54 миллион долларга жакын) өлчөмүндө грант бөлүү маселеси каралды.

Ван И ошондой эле Кыргыз Республикасынын КЭРге болгон мамлекеттик тышкы карызы боюнча төлөмдөрдү кийинкиге калтыруу үчүн кошумча каражат төлөбөө жөнүндө чечимин жарыялады.

Тэги: государственный грант Кыргызстан Китай экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу