Жапаров: «Айланма Чүй каналы-2» долбоорун тездетүү зарыл

06.03.2023, 17:21 Акчабар
Жапаров: «Айланма Чүй каналы-2» долбоорун тездетүү зарыл

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстандын сугат жерлерин суу менен камсыз кылууну жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү "Айланма Чүй каналы-2" (АЧК-2) курулуш долбоору талкууланды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Эки тараптуу жолугушууга Кытайдын экспорттук кредиттик камсыздандыруу корпорациясынын өкүлдөрү катышты. 

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган долбоорлор талкууланды.

“Министрлер кабинетинин башчысы "Айланма Чүй каналы-2" долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоону тездетүү жана быйылкы жылы курулуш иштерин баштоо зарылдыгын белгиледи”, - деп айтылат маалыматта.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу