КОӨФ антикризистик чаралардын пакетин кабыл алды

29.03.2022, 17:57 Акчабар
КОӨФ антикризистик чаралардын пакетин кабыл алды

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду антикризистик чаралардын пакетин кабыл алды. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы маалымдады.

Анын бири доллар менен алынган кредиттерди төлөөнү 6 айдан 12 айга чейин узартуу чечими кабыл алынган. Муну менен насыянын жалпы убактысы көбөйөт.

“Муну менен насыя алгандарга льготалык убакыт берилип, экономикалык жаңы шарттарга көнүүсү үчүн. Азык-түлүк коопсуздугун камсыздаган ишканаларга төлөм мөөнөтүн 12 айга жылдырылат, фонд биринчи кезекте ушул багытка колдоо көрсөтөт”, - деп айтылган билдирүүдө.

Ошол эле учурда Өкмөттүн жеңилдетилген программасы менен колдоо алгысы келгендерди күрөөнүн бир бөлүгүнөн бошотуу мүмкүнчүлүгү каралары, ал үчүн Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду койгон шарттарды аткарышы керектиги белгиленет.

Фонддун айтымында, доллар менен кредит алган чакан жана орто бизнесмендер өз банкы аркылуу төлөм убактысын алты айга чейин узарта алышат. Ал эми каржы мекемелери 30-июнга чейин кредиттин мөөнөтүн узартуу үчүн арыз менен кайрылышы керек. Анын негизинде фонд менен кошумча келишим түзүлөт.

Аны менен катар фонддун максаты банкты эмес, ишкерлерди колдоо болуп саналары белгиленген.

Күрөө боюнча жеңилдик бардык категорияларга берилет. Ал үчүн үстүбүздөгү жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунда төмөнкү коэффициент тер каралат:

  • Баалуу кагаздар күрөөсү: 80%дан кем эмес;
  • Кыймылсыз мүлк күрөөсү: 100%дан кем эмес.

“Мындай чечим геосаясий абалга байланыштуу Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан кабыл алынды”,- деп айтылат билдирүүдө.

Тэги: кыргыз-орус өнүктүрүү фонду антикризистик чаралардын пакети

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу