Колледждерге кабыл алуунун I турунда 22 миңден ашык абитуриент өтүнмө тапшырды

04.08.2020, 13:26 Акчабар
Колледждерге кабыл алуунун I турунда 22 миңден ашык абитуриент өтүнмө тапшырды

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан колледждерге кабыл алуунун https://spuz.edu.gov.kg/ онлайн порталына 22 миң 70 өтүнмө катталды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

3-августтан баштап колледждер окууга тапшыргандардын тизмесин жарыялай баштады.

Ал эми 3-6-августта – абитуриенттер ОКОЖго кабыл алууну каалоосун тастыкташы керек.

«Окууга тапшыруучулардын коопсуздугун камсыздоо жана массалык чогулуусун алдын алуу максатында, билим алуу ниетин тастыктоо үчүн колледждер 3-августтан тартып абитуренттерге телефон аркылуу чалышат», - деп жазылат маалыматта.

Документтердин түпнускаларын студенттер ОКОЖдорго окуу жылдын башында бериши керек.

 

Тэги: Билим берүү министрлиги колледждер 393 кыргызстандык

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу