Комбанктар валюта аукциондорунда 66,8 млн доллар сатып алышты

09.11.2021, 09:16 Акчабар
Комбанктар валюта аукциондорунда 66,8 млн доллар сатып алышты

Өткөн аптада коммерциялык банктар банктар аралык валюта аукциондорунда 66 миллион 820 миң доллар сатып алышкан. Бул тууралуу Улуттук банктан маалым болду.

Белгилей кетсек, өткөн жумага салыштырмалуу коммерциялык банктардын валютага болгон кызыгуусу бир аз төмөндөгөн. Ошентип, 25-октябрдан 29-октябрга чейин аукциондон 69 миллион 170 миң доллар сатып алышкан.

Ушул жылдын 24-августунан бери биринчи жолу 3-ноябрда доллардын арзандатылган баасы менен соода ачылып, 1 доллар 84,695 сомдон сатылганын кошумчалайбыз.

Тэги: валюта доллар США Кыргызстан комбанки торги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу