Комбанктар валюта аукциондорунда дээрлик тогуз млн доллар сатып алышты

25.10.2022, 09:25 Акчабар
Комбанктар валюта аукциондорунда дээрлик тогуз млн доллар сатып алышты

Кечээ, 24-октябрда коммерциялык банктар банктар аралык валюта аукциондорунда 8 миллион 970 миң доллар сатып алышты. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.

Анын ичинен 3,5 миллион доллары бүтүм түзүлгөн күндөгү эсептешүү менен сатылып алынса, калган 5 миллион 470 миң доллары бүтүм түзүлгөн күндөн башка күнгө сатылып алынган.

Эки күн мурун, тагыраагы 23-октябрдагы жабылуу курсунун деңгээлинде доллардын наркы 82,7 сомду түздү. Бирок, сооданын жабылышына карата америкалык валютанын баасы бир аз төмөндөп, 82,65 сомго чейин (0,06%га) болгон.

Тэги: новости Кыргызстана валютные торги комбанки доллар США

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу