Кечээ, 22-ноябрда коммерциялык банктар банктар аралык валюта аукциондорунда 5 миллион 550 миң доллар сатып алышты. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Мурунку, 21-ноябрга салыштырмалуу аукциондо валютага суроо-талап 23,13% төмөндөдү.
Доллардын наркы ачылган жана жабылган учурда 1 доллар 84,4 сом деңгээлинде сакталды.