Кыргызстанда насыя ченини орточо көлөмү ноябрь айынын аягына карата 13.8% түздү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Регулятордун маалыматына ылайык, 2016-жылдын март айынан тарта орточо ставкалар 19.6 пайыздан төмөндөгөн. Буга себеп Улуттук банктын учеттук ченинин 5% төмөндөшү болгон.
2016-жылдын март айында коммерциялык банктардын насыя портфели 91.3 млрд сомду түзгөн. Анын ичинен улуттук валютада 48.5 млрд сом орточо 23.5% менен, чет элдик валютада 42.8 млрд сом 15.2% менен.
Азыркы учурда насыя портфелинде насыянын үчтөн бир бөлүгү улуттук валютада берилген - 109.9 млрд сом.