Коммерциялык банктар пенсия жана жөлөк пул алуучулардан комиссия албайт

09.04.2020, 17:56 Акчабар
Коммерциялык банктар пенсия жана жөлөк пул алуучулардан комиссия албайт

Улуттук банктын башкармасы тарабынан, калктын социалдык аялуу катмарын колдоо максатында 2020-жылдын 9-апрелинде «2020-жылдын 18-мартындагы «COVID-19 пандемиясына байланыштуу финансы-кредит уюмдарынын ишин убактылуу жөнгө салуу эрежелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды.

Кабыл алынган токтомго ылайык, «Элкарт» банктык төлөм карталары аркылуу пенсия жана мамлекеттик жөлөк пул алуучулардан коммерциялык банктар эч кандай комиссия албоого тийиш. 

«Кардарлар банктык картадан акча алып жатканда, коммерциялык банктар тарабынан комиссия алынбашы керек. Бул бардык коммерциялык банктарга тиешелүү», — деп билдирди Улуттук банк. 


 

 

 

 

Тэги: пенсии Нацбанк деньги госпособия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу