ЖК комитети бюджетти аткаруу жана түзүү долбоорун жактырды

02.10.2019, 09:04 Акчабар
ЖК комитети бюджетти аткаруу жана түзүү долбоорун жактырды

ЖК комитети, бюджетти аткаруу, бюджетти кароонун тартибин жана жаңы бюджетти түзүү мыйзам долбоорун жактырды. 

«Кыргызстандын Жогорку Кенешинин Регламенти» бюджеттик кодекске жана Мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү эл өкүлү Экмат Байпакбаев сунуштады. Депутаттын айтымында, киргизилген өзгөртүү бул -  бюджетти кароо учурунда жана жаңы бюджетти түзүүдө, бюджеттик мыйзам долбоорун аткарууда коррупциялык иштердин азайуусуна өбөлгө түзөт деп түшүндүрмө берди. 

Бюджетти аткаруу жана түзүү мыйзам долбоорун толук кандуу карап чыгууга ЖК  эки башка убакыт керек деген депутаттардын билдирүүсүнө, Каржы министрлигинин өкүлдөрү булу сунушка каршы чыгышып, ресспубликалык бюджетти мурунку убактысы менен  карооо керек экендигин айтышты. 

Эл өкүлдөрү Аалы Карашев, Кенжебек Бокоев, Иса Өмүркуловдор каржы дисциплинасына тиешелу суроолорду, принциптердин ачык жана так аткарылуусу керек деген пикирлерин билдиришти. 

«Бюджет – бул элдин каражаты. Эч ким аны жашырууга акысы жок жана ар бир тыйын үчүн жооп бериши керек», — деп кошумчалады депутат Алтынбек Сулайманов.  

 

Тэги: бюджет формирование бюджета законопроект Жогорку Кенеш Кыргызстан экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу