«Банк КЫРГЫЗСТАН» уставдык капиталын дээрлик 280 млн сомго көбөйттү

10.06.2022, 16:07 Акчабар
«Банк КЫРГЫЗСТАН» уставдык капиталын дээрлик 280 млн сомго көбөйттү

Кыргыз фондулук биржасынын биринчи рыногунда "КЫРГЫЗСТАН" коммерциялык банкынын акцияларын сатуу боюнча ири бүтүм түзүлдү. Маалымат биржанын сайтында жайгаштырылган.

Жалпысынан 55 миллион 234 миң 624 жөнөкөй акция сатылды. Ар бир баалуу кагаздын баасы 5 сомду түздү. Бүтүмдүн жалпы суммасы 276 миллион 173 миң сом болду.

Эске салсак, 2022-жылдын 31-мартында өткөн жылдык жалпы чогулушта акционерлер 2021-жылга бөлүштүрүлбөгөн пайданын эсебинен уставдык капиталды көбөйтүү чечимин кабыл алышкан. Алсак, ушул жылдын март айынын аягында банктын уставдык капиталы 1 миллиард 936 миллион 748 миң сомду түзсө, акцияларды жайгаштыргандан кийин ал 2 миллиард 212,9 миллион сомго чейин өсөт.

 

Тэги: Банк КЫРГЫЗСТАН уставной капитал акции Кыргызская фондовая биржа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу