Коммерциялык багытта иштетилип келген 58 млн сомдук мектептин жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

29.03.2022, 14:40 Акчабар
Коммерциялык багытта иштетилип келген 58 млн сомдук мектептин жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун Аламүдүн райондук прокуратурасы тарабынан социалдык объектинин жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Биримдик-Кут” конушунун башкы планында мектептин орду катары көрсөтүлгөн жер тилкеси үчүнчү тараптын жеке кызыкчылыгында коммерциялык багытта иштетилип келгендиги аныкталган.

Социалдык объектинин жерин мамлекетке кайтаруу максатында, райондук көзөмөл органы прокурордук акты келтирип, анын негизинде 58 млн 175 миң сомдук 1,79 га жер аянты, Лебединовка айыл өкмөтүнө кайтарылып, учурда муниципалдык мектеп куруу пландаштырылууда. 

Тэги: прокуратура мыйзам жер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу