КР эки коммерциялык банк коронавирус менен каршы күрөшүүгө 115 миң сом бөлүштү

26.03.2020, 14:50 Акчабар
КР эки коммерциялык банк коронавирус менен каршы күрөшүүгө 115 миң сом бөлүштү

25-күнү эки коммерциялык банк Саламаттыкты сактоо министрлигинин админстративдик эсебине коронавирус менен каршы күрөшүүгө каражат которушту. Бул тууралуу каржы министрлигинен билдиришти. 

Эки коммерциялык банк тарабынан которулган каражаттын суммасы 115.5 миң сомду түзгөн. Анын ичинен «ФинансКредитБанк» — 65.5 миң сом, «РСК Банк» — 50 миң сом которгон. 

Эске сала кетсек, бүгүнкү күндө коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган эсепке дээрлик 35 млн сомдон ашык каражат топтолгон. 

Тэги: коммерциялык банк каршы күрөшүү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу