Бул жылы Кыргызстандагы компаниялар май айына карата фондулук биржада 213 млн сом тартып, рекорддук көрсөткүчкө жетти

25.06.2021, 09:43 Акчабар
Бул жылы Кыргызстандагы компаниялар май айына карата фондулук биржада 213 млн сом тартып, рекорддук көрсөткүчкө жетти

Ушул жылдын май айында кыргыз фонддук биржасындагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 249. 43 млн сомду түзгөн. Көрсөткүчтөр былтыркы жылдагыга караганда 448.8 % өскөн. Мындай көрсөткүчтөр Кыргыз фондулук биржасынын маалым болду. 

Соода-сатыктын жалпы көлөмүнүн 86,7% - бул ата мекендик компаниялар тарабынан өз капиталына тартылган акча. Ушул жылдын май айында алар өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,4 эсе көп, 39,61 миллион сомго салыштырмалуу 213,68 миллион сом тартты.

Компанияларга акчаларды тартуунун популярдуу түрү катары акцияларды айтса болот. Алардын эсебинен ишкердик кошумча 202.08. млн сом алган.

Кошумчалай кетсек, акционерлер да биржада акча иштеп алышты. Май айында алар акцияларын 34.9 миллион сомго саткан. Экинчи жолку базарда баалуу кагаздардын активдүүлүгү 2020-жылдын май айына караганда дээрлик алты эсеге өскөн.

Тэги: Кыргызская фондовая биржа инвестиции фондовый рынок акции ценные бумаги деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу