Караколдо «Жазгы жарманке — 2019» уюштурулат

27.02.2019, 09:40 Өнөктөштүк макаласы
Караколдо  «Жазгы жарманке — 2019» уюштурулат

Жазгы талаа жумуштарын утурлап 2019-жылы  16-мартта Караколдо айыл чарба жарманкеси уюштурулп, ага Ысык-Көлдүн мал чарбалары менен багбанчылары, ишкерлери, кайра иштетүү тармагындагы ишкерлер менен катар туризм тармагындагы өкүлдөр катышат.  

«Жазгы жарманке — 2019»  ЖАК «Банк Компаньон» тарабынан уюштурулууда. Анын максаты сатып алуучулар менен өндүрүүчүлөрдүн байланышын түзүп, аймактагы туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталган.

Жарманкенин катышуучулары өз продукцияларын сатууга келишим түзүү мүмкүнчүлүгүн алып, ошол эле учурда банктын кызматкерлери аларды  агрономия менен ветеринария тармагы боюнча акысыз кеңеш беришет.  Жарманкенин программасында асыл тукум малдар, питомниктердин көчөттөрү жана  агродарылар, айыл чарба аызыктарын кайра иштетүү технологиялары менен таанышуу жана көңүлдүү концерт менен коштолот.  

Иш чара  саат 10.00  14.00 чейин «Банк Компаньон» имаратынын алдында, бул даректе : Орозов көчөсү 10 өтөт.

Жарманкеге катышуу тууралуу кошумча маалыматтарды: +996 (558) 977-599 (Болот Токтосунов)  менен +996 (777) 987-428 (Өмүрбек Чыныбаев) кайрылып тактасаңар болот.

Журналисттерди  аккредитациялоо банктын PR-кызматы аркылуу  : 0 (312) 338-800 (вх. 2157), +996 (559) 577-772, e-mail: pr-team@kompanion.kg жүргүзүлөт.

Тэги: Банк Компаньон ярмарка

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу