Түндүк-Чыгыш бажысынын кызматкерлери такталбаган маалыматтарды берүү фактынын бетин ачышты. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, "Е. Т. К." ЖЧК тарабынан товарларды ЕАЭБге ташууда так эмес маалыматтар берилген. Муну менен мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 956,6 миң сомду түздү.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.