PayBox.money ребрендинг жөнүндө жарыялайт

14.06.2022, 15:13 Акчабар
PayBox.money ребрендинг жөнүндө жарыялайт

Онлайн-бизнес үчүн төлөм чечимдери жаатында адистешкен PayBox.money аталышын жана логотибин Freedom Pay-ге алмаштырат.

Жаңы товардык белги компаниянын Freedom Holding Corp. менен байланышын баса белгилейт жана бирдиктүү «чатыр» бренди алдында Холдинг тарабынан курулуп жаткан финансылык экосистеманын маанилүү курамдык бөлүктөрүнүн бири катары анын өнүгүү стратегиясын чагылдырат.

Ребрендинг процесси болжол менен 3 ай убакытты алат жана компаниянын сайтына тиешелүү болот, ал дарегин freedompay.money деп, ошондой эле жеке кабинетти, төлөм форумдарын жана кардарлардын материалдарын өзгөртөт. Мында компанияны уюмдаштырган юридикалык жактын аталышы өзгөрбөйт, ошондуктан PayBox.money учурдагы кардарларынан келишимдерди жана башка документтерди кайра тариздөө талап кылынбайт. Компания штаттык режимде иштөөнү улантат, кардарлар үчүн шарттар мурдагы эле деңгээлде сакталат.

Роман Миникеев, PayBox.money компаниялар тобунун башкы директору

Бизде амбициялуу өнүгүү пландарыбыз бар – биз кардарлардын саны, төлөм жүгүртүүсү, транзакциялардын жана кызматкерлердин саны боюнча активдүү өсүп жатабыз. 2022-жылы PayBox.money жаңы Freedom Pay бренди алдында кардарларга кыска номерлердин жардамы менен мессенджерлерде төлөмдөрдү кабыл алуу, мультиэквайринг сервиси жана мобилдик коммерция сервиси, карттар процессинги боюнча кызмат көрсөтүүлөр сыяктуу жаңы кызыктуу чечимдерди сунуштай алат.Ребрендингдин жаңы милдети – төлөм индустриясынын эксперти жана новатору катары биздин абалыбызды бекемдөө. Жаңы бренд төлөмдөр дүйнөсүндө белгилүү жана таанымал марка болот деп ишенебиз.

Маалымдама:

PayBox.money компаниялар тобуонлайн-төлөмдөр рыногунда 8 жылдан ашык убакыттан бери иштейт жана Казакстандын рыногунда интернет-эквайринг лидерлеринин бири болуп саналат. Азыр компанияда 2300дөн ашык кардарлар жана 170тен ашык кызматкер бар. Ай сайын PayBox.money 8,5 миллиондон ашык төлөм транзакцияларын, анын ичинде карттардан төлөмдөрдү, мобилдик телефондордун баланстарын, банк эсептерин, смартфондордон байланышсыз төлөмдү жана башка төлөм ыкмаларын иштеп чыгат.

Freedom Holding Corp. – Freedom Holding Corp. – бул өзүнүн Freedom Finance туунду компаниялары аркылуу финансылык ишмердүүлүктү, чекене брокердик операцияларды, инвестиция маселелери боюнча консультация берүүнү, баалуу кагаздар менен соода жүргүзүүнү, инвестициялык-банктык жана андеррайтинг кызмат көрсөтүүлөрүн жүргүзүүчү Холдинг. Компания Казакстан фонд биржасынын (KASE), Astana International Exchange (AIX), Москва (MOEX), Санкт-Петербург (SPB), Республикалык «Тошкент» фонд (UZSE) жана Украина биржаларынын кесипкөй катышуучусу болуп саналат. Компаниянын башкы кеңсеси Казакстандын Алматы шаарында, ал эми анын административдик кеңселери – Россияда жана АКШда жайгашкан. Компаниянын Казакстанда, Россияда, Кыргызстанда, Өзбекстанда, Азербайжанда, Германияда, Улуу Британияда, Украинада, АКШда, Кипрде филиалдары бар. Бүгүнкү күндө Холдингдин жөнөкөй акциялары Nasdaq Capital Market, Казакстан фонд биржасында, Санкт-Петербург жана Украина биржаларында сатылат.

Тэги: ребрендинг PayBox.money платежи

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу