«Шин-Лайн» ишканасынын айланасындагы сөздөр чындыкка дал келбейт

04.10.2022, 12:02 Акчабар
«Шин-Лайн» ишканасынын айланасындагы сөздөр чындыкка дал келбейт

Кыргызстанда "Шин-Лайн" заводу 20 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келет жана компания заводду жабууну көздөбөйт. Бул тууралуу аталган компаниянын Кыргызстандагы өкүлдөрү кабарлады.

Буга чейин казакстандык айрым басылмалар Бишкектеги “Шин-Лайн” заводу логистика жана чийки зат менен камсыздоо көйгөйлөрүнөн улам 2024-жылы жабылышы пландалып жатканын жазышкан. “Акчабар” так жоопту алыш үчүн ишканага кайрылды. Ага ылайык, ишкана Кыргызстандагы заводду жабуу туурасында ой болбогондугун тастыктады.  

“Завод ишин улантат, жабууга эч кандай негиз жок. Социалдык тармактарда жана массалык маалымат каражаттарындагы маалыматтар чындыкка дал келбейт. Тилекке каршы, айтайын деген сөздөр бурмаланган. Биз Казакстанда өндүрүштө жогорку технологияларды талап кылган кээ бир продукцияларды гана чыгарууну пландап жатабыз”, - деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда “Шин-Лайн” ишканасы 1999-жылдан бери иштеп келет. Компаниянын негизги ишмердүүлүк багыты бал муздак өндүрүү. 

Тэги: новости Кыргызстана Шин Лайн производство мороженного

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу