Кыргызстанда 1 тонна көмүрдүн баасы 3,5 миң сомдон 4 миң сомго чейин турат

19.11.2019, 16:35 Акчабар
Кыргызстанда 1 тонна көмүрдүн баасы 3,5 миң сомдон 4 миң сомго чейин турат

Кыргызстанда көмүрдүн баасы тоннасына 3,5 миңден 4 миң сомго чейин турат. Бул тууралуу маалымат жыйында Өндүрүш, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Мырза Жаманбаев билдирди.

Айтымында, жылуулук мезгилинде өлкөгө 2,5 миллион тонна көмүр керектелет.

«Бүгүнкү күндө план боюнча бара жатабыз, түндүк аймакта 541 миң тонна көмүр, түштүктө 1,4 миллион тонна көмүр даярдалган. Жалпы 1,5 миң тоннага жакын. Алдыда -ноябрь менен декабрь, керектүү өлчөмдү даярдоого жетишебиз», — деди ал.

Мырза Жаманбаев көмүр канчадан сатылып жатканын айтып берди.

«Казакстандан 3-4 компания ташып келет, алар Чүй, Ысык-Көл облустарында тоннасын орточо 3,9 миң сомдон сатышууда. Жергиликтүү көмүрдүн тоннасы карьерде 1,3 миң сом, Бишкекте ташып келүү кызматын кошкондо орточо 3,5 −4 миңден сатып жатышат», — деди аткаминер.

Тэги: Кыргызстан көмүр

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу