Казак тараптын демилгеси менен Казакстандын Бирдиктүү маалымат тутуму иштебей жаткандыгына байланыштуу “Кең-Булун авто жол” жана “Токмок-авто жол” өткөрүү жайлары убактылуу жабылды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш бөлүмү билдирди.
Бүгүн, 7-январдан тарта жарандарды жана транспорт каражаттарын өткөрүүнү убактылуу токтотулган.
“Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы калган өткөрүү жайлары, Чүй облусундагы “Ак-Жол-авто жол”, “Ак-Тилек-авто жол”, "Чалдыбар-авто жол" өткөрүү жайлары, Талас облусундагы “Чоң-Капка-авто жол” жана Ысык-Көл облусундагы “Каркыра-авто жол” өткөрүү жайлары COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен штаттык режимде ишин улантууда”,- деп айтылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, аталган кызматтын маалыматы боюнча, Казакстандын чек арасындагы өткөрүү жайларда жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны катталган жок. Чек арадагы кырдаал туруктуу.