«Коопсуз шаар 2» долбоору 2020-жылдын май айында ишке киргизиле баштайт

21.12.2019, 11:28 Акчабар
«Коопсуз шаар 2» долбоору 2020-жылдын май айында ишке киргизиле баштайт

«Коопсуз шаар 2» долбоору 2020-жылдын май айында ишке киргизиле баштайт. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин башчысы Дастан Догоев билдирди.

Анын айтымында, азыркы убакта ИИМ тарабынан камералар коюлуучу тилкелер толугу менен изилденип, текшерүүдөн өттү.

«2020-жылдын январь айында интеграция боюнча алгачкы тесттик жабдык орнотулат. Май айынан тарта республиканын баардык аймагында комплекстерди ишке киргизүү башталат», - дейт Догоев.

Эскерте кетсек, «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабынын алкагында тендердик комиссия кытайлык Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясын жеңүүчү деп тапкан. Ал компания эң төмөн бааны - 2 млрд 654,558 млн сом (38 млн долларды) сунуштаган.

 

 

Тэги: коопсуз шаар 2 долбоор 2020

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу