Кореянын Эксимбанкы КР таза суу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

12.10.2020, 16:00 Акчабар
Кореянын Эксимбанкы КР таза суу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

7-октябрда Сеулда Кыргызстандын Кореядагы элчиси Динара Кемелова Кореянын Экспорттук-импорттук банкынын президенти Банг Мун Кю менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Кореядагы элчилигинен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар коронавируска каршы күрөшүү жана Кыргызстанда социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле тышкы карызды жеңилдетүү маселелерин талкуулашкан.

Жолушууда Кемелова Кыргызстандагы медициналык шаймандардын, медициналык кызматкерлердин жана жабдылган клиникалардын жетишсиздиги жөнүндө сөз кылган. Буга байланыштуу саламаттыкты сактоо тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу бүгүнкү күндө артыкчылыктуу багыт болуп жатканын билдирген. Ошондой эле, таза суу менен камсыз кылууга багытталган долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин белгилеген.

Өз кезегинде Кореянын Эксимбанкынын президенти Кыргызстанга бир нече сапар менен келгенин жана саламаттыкты сактоо тармагындагы кырдаалдан кабардар экендигин айткан.

Ошондой эле тараптар эки өлкөнүн эксперттеринин деңгээлинде сүйлөшүүлөрдү видеоконференция аркылуу жүргүзүү керектигин белгилешкен.

Тэги: Сеул Кореядагы элчи

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу