Коронавирус илдети менен күрөшүү боюнча резервдик фонд түзүү сунушталууда

01.04.2020, 16:30 Акчабар
Коронавирус илдети менен күрөшүү боюнча резервдик фонд түзүү сунушталууда

Бүгүн, 1-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында «Валюталык инфляцияга жана COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышына байланыштуу терс социалдык-экономикалык кесепеттерди азайтуу боюнча чаралар жөнүндө»​ Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралып, кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Салайдин Айдаров маалымат берген аталган токтомдо төмөндөгүдөй сунуштар камтылган:

- салык органдары тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү кошпогондо кичи жана орто бизнес ишмердүүлүгүн текшерүүгө бир жылдык мораторий киргизүү;

- каатчылык маалында банк системасын сактоо боюнча программа иштеп чыгуу;

- биринчи керектелүүчү товарларды жана КР Өкмөтү тарабынан белгиленген айрым медициналык каражаттарды, дары-дармектерди чыгарып кетүүгө тыюу салуу;

- КР жарандары жана ата мекендик компаниялар тарабынан алынган чет өлкөлүк валютадагы насыяларды кайрадан кароо тартибин иштеп чыгуу жана кабыл алуу;

- COVID-19 илдети менен күрөшүү боюнча резервдик фонд түзүү жана башка.

Токтомду талкуулоо маалында депутат Аалы Карашев Өкмөт калкты республикадагы COVID-19 илдетинин абалы тууралуу ачык жана так маалыматтар менен камсыздоо керектигин билдирди. Ал эми депутаттар Акылбек Жапаров менен Канатбек Керезбеков контрактык негизде иш алып барган жогорку окуу жайларындагы окутуучулардын айлык маянасын төлөө маселесине көмөк көрсөтүү зарылчылыгына токтолушту. Ошондой эле эл өкүлү Бактыбек Турусбеков COVID-19 илдетин аныктоочу тесттердин саны тууралуу маселени көтөрдү.

Депутаттар Алтынбек Сулайманов менен Айнура Осмонова болсо жогорку окуу жайларынын студенттерин жана мектеп окуучуларын аралыктан окутуу мүмкүнчүлүктөрү менен камсыздоо маселесин айтышып, “Бардыгынын интернетке кирүүгө мүмкүнчүлүгү барбы? Үзгүлтүксүз интернет байланышы болобу? – суроолорду коюшту.

Мындан сырткары, депутаттар коммуналдык төлөмдөрдү төлөө мөөнөтүн жылдыруу, калктын аялуу катмарына даректүү жардамдарды көрсөтүү, жазгы айдап-себүү иштерин үзгүлтүксүз улантуу маселелерине токтолушту.

Тэги: Коронавирус илдети резервдик фонд

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу