Коронавируска байланыштуу Армения жана Турция Иран менен чек арасын жапты

24.02.2020, 14:02 Акчабар
Коронавируска байланыштуу Армения жана Турция Иран менен чек арасын жапты

Иранда коронавирус күчөп жаткандыгына байланыштуу, Армения эки жумага чек араны жаап, авиакаттамды токтотту. Бул тууралуу премьер-министр Никол Пашинян өзүнүн фейсбук баракчасына билдирди. 

Андан сырткары Турция менен Грузия дагы Иран менен байланышкан чек ара, авиакаттамдарды токтотту. 

Иранда коронавирус оорусуна 43 адам чалдыккан. Мындан сырткары, бул оорудан 8 адам көз жумганы бенлгилүү болду. Мунун менен катар, Иран мамалекети коронавирустан жабыр тартып, каза болгондордун саны боюнча Кытайдан кийинки эле орунду ээлейт.

Улуттук комиссиянын берген маалыматына ылайык, Кытай Эл Республикасында 23-февралдагы жыйынтык боюнча коронавирусту жуктургандардын саны  76,9 миңге жеткен. Каза болгондордун саны - 2442. Бир сутка ичинде 97 адам көз жумган. Бул оорудан айыккандардын саны - 22,8 миңге жетет. 

Түштүк Кореяда вирус менен ооругандардын саны, 23 - февралдагы жыйынтык менен 600 адамдан ашкан. 

Тэги: коронавирус Кытай Кыргызстан-Кытай Түштүк Корея Иран Турция Армения

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу