Коронавируска каршы күрөшүүгө жардам катары түшкөн каражаттын бир дагы сому коротулган жок

23.03.2020, 10:30 Акчабар
Коронавируска каршы күрөшүүгө жардам катары түшкөн каражаттын бир дагы сому коротулган жок

КР өкмөтү Коронавирустук инфекциянын жайылуусуна каршы күрөшүү үчүн жардам иретинде түшүп жаткан акча каражаттары тууралуу маалымат берет.

Бардык ыктыярдуу финансылык жардам көрсөтүүлөр КР Финансы министрлигинин эсебине түшөт.

Бүгүнкү күнү жеке жана юридикалык жактардан түшкөн каражаттардын бир дагы сому коротулган жок.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги түшкөн каражаттардын көлөмү жана аларды максаттуу сарптоо тууралуу өлкө коомчулугуна туруктуу негизде маалымдап турат.

Түшкөн финансы каражаттарын ачык пайдаланууга атайын түзүлгөн байкоочу кеңеш көзөмөл жүргүзөт. Анын курамына өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, жарандык коомдун жана бизнестин өкүлдөрү кирет.

 

 

Тэги: коронавирус каршы күрөшүү үчүн жардам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу