Кыргызстанда коронавируска каршы 22 санитардык-карантиндик жай уюштурулган

27.02.2020, 09:40 Акчабар
Кыргызстанда коронавируска каршы 22 санитардык-карантиндик жай уюштурулган

Өлкө аймагында коронавирустун илдетинин жайылышына жол бербөө максатында 22 санитардык-карантиндик жай уюштурулуп, вируска шектелген адамдарга байкоо жүргүзүү үчүн 964 орун даярдалды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Жогорку Кеңеште коронавирустун алдыналуу чараларын көрүү жаатында жасалык жаткан аракеттер жөнүндө маалыматы угулуп жатканда билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. 

Жыйынга тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышкан. 

 «Дары-дармектер менен жеке коргонуу жабдыктары жетиштүү. Кырдаалдын создугуп кетүү тобокелчилигин эске алуу менен, башка өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө», - деди Алтынай Өмүрбекова.

Ошондой эле, Кытайдын жогорку окуу жайларында 4600 студент окуп жатканы, алардын көбү Кыргызстанга кайтып келгени, азыр кытай аймагында 271 кыргыз жараны калганы белгилүү болду. «Кытайдагы жарандарыбыздын саны өзгөрөт, анткени айрым адамдар үчүнчү өлкө аркылуу Кытайга барышы мүмкүн. Ушул мезгил аралыгында Кытайдан 183 адам келген, азыр 158 адам медициналык байкоодо турат. Баш-аягы 800 анализ жүргүзүлдү», - деп кошумчалады вице-премьер-министр.

Ал эми саламаттык сактоо министри бир катар өлкөлөрдө ыкчам изилдөөлөр жүргүзүлүп, коронавируска каршы вакциналардын айрым үлгүлөрү иштелип чыкканын, алар эксперменталдык сыноодон өткөрүлүп жатканын билдирди. 

Депутаттар калктын калың катмары дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө жапырт жайылып жаткан коронавирус илдетинин кесепетинен чочулап турганын эске салышып, Кыргызстандын чек арасынан өткөн адамдарды ырааттуу катоого алып, карантин жайларында алардын абалына кылдат байкоо жүргүзүү, акча каражаттарын өз маалында бөлүү менен, кошумча дары-дармектер менен жеке коргонуу жабдыктарынын корун түзүү зарылдыгын белгилешти.

 

Тэги: ЖК коронавирус угуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу