Коррупцияны кабылдоо индекси-2019 рейтингинде Кыргызстан 6-позицияга көтөрүлдү

20.03.2020, 11:30 Акчабар
Коррупцияны кабылдоо индекси-2019 рейтингинде Кыргызстан 6-позицияга көтөрүлдү

Кыргыз Республикасы Коррупцияны кабылдоо индекси-2019 рейтингинде позициясын жакшыртып, 6 баскычка көтөрүлдү. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Жалпысынан Кыргыз Республикасынын эл аралык рейтингдердеги интеграцияланган позициялары жакшырган жана пайыз менен көрсөтүлгөндө 2018-жылы – 45,2 %, 2019-жылы – 46,1 % болгон.

Коррупциянын кабылдоо индекси-2019да Кыргыз Республикасы 180 өлкөнүн ичинен 126-орунду алган, рейтингде өзүнүн позициясын 6 позицияга (2018-жылы 180 өлкөнүн ичинен 132-орун) жакшырткан. Бул рейтингде Кыргыз Республикасы Россия (137-орун), Тажикстан (153-орун) жана Өзбекстан (153-орун) өлкөлөрүнөн жогору турат, бирок Казакстандан (113-орун) жана Армениядан (77-орун) артта калган.

Белгилей кетсек, Коррупцияны кабылдоо индекси өлкөнүн ишкерлеринин жана эксперттеринин позициясынан алганда мамлекеттик сектордо коррупцияны кабылдоонун деңгээлин баалайт.

Тэги: Коррупцияны кабылдоо индекси-201

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу