Коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражатка Ошто мектеп салынып жатат

09.09.2020, 13:50 Акчабар
Коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражатка Ошто мектеп салынып жатат

Ош шаарындагы Нариман орто мектебинин кошумча окуу корпусунун курулуш иштери коррупция менен күрөшүүнүн жыйынтыгында түшкөн каражаттын эсебинен жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин Ош облусуна болгон иш сапарында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Урматбек Көкөчаров билдирди. 

 

«500 окуучуга ылайыкташкан үч кабаттуу окуу корпусунда 24 окуу кабинети, ашкана, медициналык кабинет, мугалимдер бөлмөсү, китепкана жана окуу залы бар. Бүгүнкү күндө негизги курулуш иштери бүткөрүлгөн. Объектини 2020-жылдын ноябрь айында пайдаланууга берүү пландаштырылган», - деп азылат маалыматта. 

 

Үстүбүздөгү жылда, Мамлекет башчысы кошумчалагандай, көп каражат коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө жумшалган, бирок ага карабастан, маанилүү болгон долбоорлорду, анын ичинде жаңы мектептерди курууну жана авариялык мектептерди оңдоп-түзөөнү каржылоо эч нерсеге карабастан улантылат.

 

Тэги: Ош облусу орто мектеби окуу корпус

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу