«KOTRA» агенттиги Кыргызстанга инвестиция салууну көздөөдө

20.03.2023, 09:42 Акчабар
«KOTRA» агенттиги Кыргызстанга инвестиция салууну көздөөдө

Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев “KOTRA” (Korea Trade- Investment Promotion Agency) өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, “KOTRA” өкүлдөрү Кыргызстанга аймактагы инвестициялык базар менен таанышуу максатында келишкен. 

“Кыргызстан инвестицияга муктаж жана кореялык ишкерлер көңүл бура турган көптөгөн тармактар ​​бар. Анын ичинде энергетика, тоо-кен, телекоммуникациялар, логистикалык борборлор ж.б. Буга кошумча, Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолунун курулушу менен алтургай Кореяга товар жеткирүү бир топ кыскарат. Биздин өлкө буга чейин Түштүк Кореядан импортту көбөйткөн. 2022-жылдын алгачкы эки айында импорттун көлөмү 21 млн долларды түзгөн. Ага салыштырмалуу 2023-жылдын январь-февраль айларында импорттун көлөмү 121 долларга жетти. Бул сандарды Түштүк Кореянын Бажы кызматы билдирди”, - деди Темир Сариев.

Кошумчалай кетсек, Korea Trade- Investment Promotion Agency - Түштүк Кореянын коммерциялык эмес уюму. Ал 1962-жылы Түштүк Корея өкмөтү тарабынан Түштүк Корея менен башка өлкөлөрдүн ортосундагы сооданы өнүктүрүү максатында түзүлгөн. Аталган агенттик 50 жылдан ашык убакыттан бери дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн келген кызыктар компанияларга Түштүк Корея менен бизнес мамилелерин өнүктүрүүгө жардам берип келет. 

 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу