Бүгүн саат 18: 00дөн баштап "Каркыра" өткөрмө бекети убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Бул аба-ырайынын кескин начарлашына жана жол шартына байланыштуу экендиги белгиленди.
Ошондой эле, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында 2021-жылдын 1-мартына чейин мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги "Каркыра-Кеген" көзөмөл-өткөрмө бекеттери аркылуу адамдардын жана унаалардын өтүүсү токтотулду.