Кыргыз-казак чек арасындагы «Каркыра» бекети иштей баштады

07.09.2020, 12:30 Акчабар
Кыргыз-казак чек арасындагы «Каркыра» бекети иштей баштады

Бүгүндөн тартып кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги «Каркыра» бекети иштей баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш түзүү бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган көзөмөл жайы күндүзгү убакта саат 08.00дон 18.00го чейин иштейт. Өткөрүү жайынан жарандар, транспорт каражаттары, жүктөр, товарлар жана жаныбарлар өткөрүлөт.

Белгилей кетчү нерсе, Казакстан Республикасындагы эпидемиологиялык абалды жана жүргүзүлгөн карантиндик иш-чараларды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин жарандары Казакстан Республикасына бараарда казак тарап киргизген чектөөлөр менен таанышуулары шарт.

Эскерте кетсек, «Каркыра-автожол» өткөрүү жайында электрондук виза боюнча өткөрүү жүргүзүлбөйт. Бекет Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2003-жылдын 25-декабрындагы «Мамлекеттик чек арадагы өткөрүү жайлары жөнүндө» Макулдашуусуна ылайык, «Каркыра-автожол» көп тараптуу, автомобилдик бекет болуп саналат. 2020-жылдан баштап «Каркыра-автожол» көзөмөл өткөрүү жайы жыл бою иштей турган режимге өткөн», - деп айтылат маалыматта.

 

Тэги: КПП Казахстан госграница

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу