Кыргызстанда 74 миң ПЧР жана 34 миң экспресс-тест бар

02.07.2020, 15:10 Акчабар
Кыргызстанда 74 миң ПЧР жана 34 миң экспресс-тест бар

Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөдөгү ПЧР жана экспресс-тесттердин саны боюнча маалымат берди.

 

Маалымат жыйында ага өлкөдө канча анализ тоңдурулуп турат деген суроо узатылды.

«Тест-системалар боюнча маселе жок. Бизде 74 миң ПЧР жана 34 миң экспресс-тест бар», — деди ал.

Анын айтымында, кечээ күнгө карата Ош шаарында тоңдурулуп, текшериле элек 1,7 миң анализ бар болгон.

«Ал нерсе лабораторияда колдонулган чыгымдык материалдар менен байланыштуу болгон. Аларда чыгымдык материалдар түгөнүп, эки күнгө иш токтоп калган. Кечээ ал маселени тез арада чечүү боюнча тапшырма берилген, бүгүн ал маселе толук жоюлат деп ойлойм », — деди ал.

Тэги: премьер-министр Кубатбек Боронов ПЧР жана экспресс-тест анализ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу