Кыргызстанда 8-июндан баштап ички каттамдар жанданат

29.05.2020, 14:45 Акчабар
Кыргызстанда 8-июндан баштап ички каттамдар жанданат

Кыргызстанда 8-июндан баштап ички каттамдар жанданат. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, каттамдар атайын тартиптин негизинде иштейт.

«Жүргүнчүлөрдүн ортосундагы аралыкты сактоо менен авиакомпаниялар өз иштерин жүргүзүүсү зарыл. Саламаттык сактоо минстрлиги тарабынан да көрсөтмөлөр берилет. Анын негизинде авиакомпаниялар өз ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Коронавирус инфекциясы тез тарай турган жер жүргүнчү ташыган коомдук транспорттор эсептелинет. Анын ичинде авиакаттамдар. Учакта да ошондой маселе жаралышы мүмкүн. Андыктан, тартиптерди так сактоо менен иштеш керек. Экономикалык тармактарды ишке киргизүү менен оорунун жугузуу коркунучу жогору болгонун түшүнүп жатабыз. Экономикалык тармакты токтотуп койсок, көптөгөн жарандар жумушсуз калганына күбө болдук» —, дейт ал.

Тэги: Кыргызстан ички каттам Өкмөт үйү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу