Кыргызстанда 41 миң 727 абитуриент жалпы республикалык тестирлөөгө каттоодон өттү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билим берүү министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.
Ал жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 15-майда аяктаганын айтып өттү.
«Жалпы республикалык тестирлөө 3 баскычта өтөт. 21-июнда негизги тест, 22-июнда кошумча сабактар боюнча тест тапшырылат. Экинчи этап 24-25-июнда, үчүнчү этап 11-12-июлда өтөт», - деди ал.