Кыргызстанда эл аралык акча которуучу SWIFT системасы жандандырылды

13.10.2020, 09:20 Акчабар
Кыргызстанда эл аралык акча которуучу SWIFT системасы жандандырылды

2020-жылдын 12-октябрынан тарта  SWIFT системасы жандандырылды. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады. 

Коммерциялык банктар 2020-жылдын 13-октябрында саат 9:00дөн тартып, Кыргызстандын коммерциялык банктарынын жана алардын кардарларынын пайдасына кирген бардык төлөмдөрдү кабыл ала баштайт.  

Чек ара аркылуу өтүүчү чыккан төлөмдөр төмөнкү операциялар боюнча гана жүргүзүлөт: 

- товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча мурда түзүлгөн жана банктарга берилген контракттар боюнча Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын кардарларынын операциялары (юридикалык жактар, жеке ишкерлер, дыйкан жана фермердик чарбалар). Мында төлөмдөрдүн суммасы ошол кардарга мүнөздүү болгон орточо деңгээлден ашпоого, ал эми контракттар/келишимдер кардардын кадимки ишине таандык болууга тийиш; 

- контрагенттер менен аягына чыгарылбаган валюталык бүтүмдөр, ликвиддүүлүктү жана/же валюта позициясын, анын ичинде своп-операцияларын тескөө максатында, ошондой эле активдерди алмашууга байланыштуу чет өлкө валютасын өз атынан сатып алуу/сатуу операциялары боюнча;  

- эл аралык төлөм системалары боюнча өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү операциялары боюнча;  

- Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын резидент эмес банктардагы ностро-эсептерин толуктоо боюнча;  

- эл аралык уюмдардан алынган кредиттерди жана алар боюнча чегерилген пайыздарды төлөө операциялары боюнча; 

- банкта тейленген банк эмес финансы-кредит уюмдарынан акча которууну ишке ашыруу операциялары боюнча; 

- мурда чыгарылган аккредитивдерди жана банктык кепилдиктерди соодалык каржылоо бүтүмдөрү боюнча банктын милдеттенмелерине тиешелүү операциялар боюнча; 

- банктардын ишин камсыз кылуу үчүн зарыл операциялар боюнча; 

- эл аралык уюмдардын жана чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн тапшырмалары боюнча операциялар боюнча; 

- жеке адамдардын коммерциялык максаттарга ээ эмес 5 000 АКШ долларына чейинки өлчөмдө же дарыланууну, жашап турууну, окууну жана алиментти төлөө үчүн башка чет өлкө валютасы (жумасына) эквивалентинде акча которуулар боюнча. 

Жогоруда көрсөтүлгөн которуу операцияларын ишке ашырууда коммерциялык банктар террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарынын сакталышын камсыз кылууга тийиш. 

Төлөмдөрдү улуттук төлөм системалары сыяктуу эле, эл аралык төлөм системалары боюнча да өткөрүүнү кошо алганда, банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого байланыштуу маселелер боюнча коммерциялык банктарга кайрылуу зарыл, алар  

2020-жылдын 13-октябрынан тартып саат 09:00дөн 17:00гө чейин штаттык режимде иштейт.  

Улуттук банк учурдагы жагдайга байкоо жүргүзүп турат, өлкөнүн финансы жана төлөм системасынын коопсуздугу менен туруктуулугун камсыз кылуу үчүн чараларды көрөт. 

Тэги: Улуттук банк SWIFT системасы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу