Белгилүү болгондой Кыргызстанда 8-март күнү Аялдардын эл аралык күнү белгиленет. Кыргызстандын Улуттук статистика комитети ал күнгө карата Кыргызстан боюнча статистика түзгөн.
Статистика комитетинин маалыматы боюнча, өлкөдө аялдардын саны 3,2 миллионду түзөт: өлкө калкынын 50,4%ы.
Аялдардын 65%ы айыл жергесинде турушат. Ошол эле учурда ар бешинчи аял Жалал-Абад облусунда же Ош облусунда турса, ар бир алтынчы аял Бишкек шаарында жашайт.
2018-жылга карата эмгек курагындагы аялдардын ичинен 48%ы иштеген. Алардын орточо жаш курагы 38 жашты түзөт. Аялдардын көпчүлүгү саламаттык сактоо, калкты социалдык жактан тейлөө, билим берүү, мейманкана, ресторан жана соода тармагында иштешет.
2018-жылы 50 миңге жакын аял киши турмуш курган. Негизинен кыздар 18-25 жашында күйөөгө тийишет.