Кыргызстанга бир аптада миңден ашуун бодо мал мыйзамсыз түрдө кирген

17.02.2021, 11:30 Акчабар
Кыргызстанга бир аптада миңден ашуун бодо мал мыйзамсыз түрдө кирген

Кыргызстанга ири мүйүздүү бодо малды ЕАЭБ өлкөлөрүнөн мыйзамсыз алып кирүү уланууда, - деп билдирет Салык кызматынын басма сөз кызматы.

 

Ири мүйүздүү бодо малды мыйзамсыз ташып кирүү боюнча кезектеги факты аныкталды. 

Тактап айтканда, бир жуманын ичинде 1 002 баш ири мүйүздүү малды мыйзамсыз алып өтүү фактысы аныкталды. Анын ичинен «Чалдовар авто жолу» контролдук-өткөрмө пунктунан 327 баш, «Ак-Тилек авто жолу» контролдук-өткөрмө пунктунан 675 баш бодо мал.

Импорттоочуларда товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жок болгон, кээ бирөөлөрүндө иш жүзүндөгү малдын саны коштомо кагазда көрсөтүлгөн санга дал келбей калган.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко өткөрүлүп берилди.

Тэги: Ири мүйүздүү мал КР чек ара мыйзамсыз ЕАЭБ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу